БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. "Соң-Көл балык чарбасы" мамлекеттик ишканасы тарабынан Соң-Көлдөгү Жаман-Эчки тилкесине 4 миллион 875 миң даана сига-лудога балыгынын чабактары коё берилди. Бул тууралуу Балык чарба департаменти маалымдады.
Чабактар Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча аймактар аралык инспекциянын Каратал-Жапырык коругунун дирекциясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кое берилген.
"Мындай аракеттер балыкты сактап калуу жана санын көбөйтүү максатында үч жылдан бери жасалып келе жатат. Баштапкы салынган чабактар азыркы тапта салмак алып, сатууга жарап калды. Улуттук илимдер академиясынын изилдөөсүндө балыктар суу сактагычта жакшы өсө тургандыгы аныкталган", — деп айтылат маалыматта.