Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

Кыргызстандык Рустам "Крокуста" адамдарды кантип куткарышканын айтып берди

Рустам өрт күчөп, түтүн каптаганда күйүп таанылбай калбасын деп тез жардамдын замбили менен сөөк ташыган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстандык Рустам Бактыбеков — "Крокуста" болгон терактыдагы куткаруучулардын бири. Ал астында келе жаткан террорчудан качып кетүүгө үлгүргөн. Бирок коркуп калбай кайра залга кирип, жүздөн ашуун адамдын өмүрүн сактаган.

"Өлүктөрдү аралап эле жүрдүк. Буту, бели сынгандарды көтөрүп алып чыктык. Жерде жаткан бирөөнүн жанына барганда өзүнө келип кетти, көрсө ал эси ооп жыгылган экен. Анан башкаларын да издеп жаттык. Өрт күчөп, түтүн каптаганда күйүп таанылбай калбасын деп тез жардамдын замбилин алып сөөктөрдү ташыдык", — деди мекендеш.

Андан соң күзөтчүлөр менен кошо жер төлөдө камалып калган адамдарды чыгарышканын айтты.
"Ичи караңгы, түтүн каптап жатты. Беш-алтообуз телефондун жарыгын күйгүзүп үн чыккан жакка барып жаттык. Бекилип турган эки эшикти ачтык. Жол билбегендер ичинде айлана берип түтүнгө ууланып калышы мүмкүн эле", — деди Бактыбеков.
Ал жанындагылар 100-150 адам куткарылганын айтып жатканын, өзү шок абалында болгонун кошумчалады.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Россиядагы терактыда адамдардын өмүрүн сактап калган Исламдын видеомаеги