Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

РФ ТИМи кыргыз тарапка терактыдан кийинки колдоосуна ыраазылык билдирди

Кулубаев эл аралык террорчулукка каршы күрөштө РФти кыргыз тарап колдой турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстан ТИМинин жетекчиси Жээнбек Кулубаев россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, тараптар байланыштарды улантып тиешелүү маалыматтарды алмашууга макулдашты.
Аталган министрликтин маалымат кызматы тараткан кабарда Кулубаевдин "Крокус сити холлдогу" кандуу окуяны кескин айыптап, эл аралык террорчулукка каршы күрөштү кыргыз тарап колдой турганын билдиргени айтылат. Мындан сырткары, аталган багытта бирдиктүү күч-аракеттерди жумшоого чакырган.
Россия ТИМ башчысы Кыргызстандын каргашадан кийинки колдоосуна ыраазылыгын билдирген.
"Россиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы кыргыз тарапка трагедиядан кийин дароо эле эң жогорку деңгээлде колдоо көрсөткөндүгү жана ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазылык билдирген. Тараптар байланыштарды улантууга жана тиешелүү маалымат алмашууга макулдашты", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, мындан үч күн мурда, 2024-жылдын 22-мартында, кечке маал Москванын жанындагы Красногорск шаарынын "Крокус сити холл" концерттик залында теракт жасалган. РИА Новостинин ошол жерде болгон кабарчысынын айтымында, партер жактан кеминде камуфляжчан үч адам кирип келип, элди аткылап, от алып кетүүчү каражаттарды ыргыткан. Андан кийин имараттын бир катар жерлерин өрт чулгаган.
Россиянын Тергөө комитети 137 киши каза тапканын айтты, алардын ичинен үчөө балдар болуп чыкты. "Россия сегодня" медиатобу менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян көз жумгандардын саны 143кө жеткенин жазган. Жаракат алгандар 182 кишинин тегерегинде деп болжолдонууда.
Терактыга байланыштуу шектүү катары бир нече киши кармалып, камалды.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Россиядагы терактыда адамдардын өмүрүн сактап калган Исламдын видеомаеги