Жакында "Кыргызжылуулукэнерго" ишканасына субсидия төлөө токтотулат

Буга чейин тарифтин төмөндүгүнөн улам калк үчүн жыл сайын бюджеттен субсидия катары 2 миллиард сомго жакын каражат бөлүнүп турган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Жакында "Кыргыз жылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасына субсидия төлөө токтотулат. Бул тууралуу Садыр Жапаров аталган ишкананы реформалоо жана модернизациялоо маселеси боюнча өткөргөн жумушчу кеңешмеде билдиргенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Жакында "Кыргыз жылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасына субсидия төлөө токтотулат. Бул тууралуу Садыр Жапаров аталган ишкананы реформалоо жана модернизациялоо маселеси боюнча өткөргөн жумушчу кеңешмеде билдиргенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.

2 / 2

Кеңешмеде энергетика министри Таалайбек Ибраев тарифтин төмөндүгүнөн улам калк үчүн жыл сайын бюджеттен субсидия катары 2 миллиард сомго жакын каражат бөлүнүп жатканын билдирген

Анда өлкө башчы Энергетика министрлигине белгилүү мөөнөт коюуну тапшырганы айтылат. Ошондой эле кеңешмеде энергетика министри Таалайбек Ибраев тарифтин төмөндүгүнөн улам калк үчүн жыл сайын бюджеттен субсидия катары 2 миллиард сомго жакын каражат бөлүнүп жатканын билдирген.
“Садыр Жапаров жылуулук менен камсыздоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чаралардын комплексин кабыл алууну жана анын мөөнөтү аяктаганда субсидия төлөө токтотуларын белгилөөнү тапшырды”, — деп айтылат маалыматта.
Президент мэрлердин, акимдердин жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоонун критерийлеринин бири — абоненттерди жылуулук менен камсыз кылуу жана жылуулук менен камсыздоо объектилерин өзүн-өзү актоочу деңгээлге чыгаруу экенин белгилеген.
Учурда "Кыргыз жылуулукэнергонун" балансында 160 откана бар, алар республика боюнча 53 миң абонентти жылуулук менен камсыз кылат, 75 пайызы карапайым калк. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча, ишкананын таза кирешеси 111 миллион сомду түзгөн.
Радио
1-майдан тарта электр энергиясынын тарифи 11 тыйынга көтөрүлөт