Кыргызстандык жаш лидерлерди Петербург экономикалык форумуна каттоо башталды

Катышууну каалагандар 4-апрелге чейин Росконгресстин сайты аркылуу катталышы шарт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жаш лидерлерди Петербург эл аралык экономикалык форумуна каттоо башталды. Бул туурасында уюштуруучулар билдирди.
Иш-чара 2-9-июнь күндөрү Санкт-Петербург шаарында өтөт. Ага экономика, инвестиция, энергетиканын альтернативасы, шаардык чөйрө, саламаттык сактоо, илим жана башка тармактарда активдүү иш алып баргандар чакырылды. Жаш курагы 25тен 35 жашка чейин болушу шарт. Форум англис тилинде өтөт.
Катышуучулар Росконгресс фонду жана Россотрудничество тарабынан өткөрүлчү Friends for Leadership сессиясына кошулуп, өзүнүн долбоорлорун тартуулап, стратегиялык сессияларга жана расмий жолугушууларга кире алышат.
Кыргызстандын жарандары Россотрудничествонун "Жаңы муун" программасы боюнча тандалып алынат. Ийгиликтүү өткөндөр форумга акысыз катышат, авиабилетин, жашаган жерин, тамак-ашын уюштуруучулар төлөйт.
Бул үчүн 4-апрелге чейин Росконгресстин сайты аркылуу катталуу абзел. Кененирээк маалымат менен да тааныша аласыз.
Радио
Депутат Сириуста өткөн форум тууралуу айтып берди