2021-2026-жылдарга карата "Кыргыз жараны" деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы кабыл алынып, учурда элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоодогу негизги документ боло алды. Бул тууралуу Урмат Бектуров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттин этникалык саясатынын биринчи стратегиялык документи катары саналган "Кыргыз жараны" концепциясын аткаруу иши 2026-жылдан кийин да уланып, жаңы пунктулар кошулат.
"2021-2026-жылдарга карата "Кыргыз жараны" деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы кабыл алынып, учурда элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоодогу негизги документ боло алды. Маданият министрлиги концепцияны ишке ашыруудагы негизги аткаруучулардын бири болуп саналат. Анда белгиленген 65 пунктунун 43үн биздин министрлик, 22 иш-чараны Билим берүү жана илим министрлиги жана Тил комиссиясы, УКМК, Ички иштер министрлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түздөн-түз аткарат. Мамлекеттин этникалык саясатынын биринчи стратегиялык документи катары саналган "Кыргыз жараны" концепциясын аткаруу иши 2026-жылдан кийин да уланып, жаңы пунктулар кошулат", — деди Бектуров.
Ошондой эле адис концепцияны жайылтууда өлкөнүн жогорку окуу жайлары, мектептерде активдүү иштер жүрүп, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштери улантылып жатканын кошумчалады.