Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү "Крокуска" гүл коюп, россиялыктарга көңүл айтты

Мекендештер Москва облусунда болгондой трагедия мындан ары кайталанбасын деген тилектерин айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Москва шаарында Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү "Крокус сити холлдогу" терактыга байланыштуу россиялыктарга көңүл айтып, каргаша болгон жерге барып гүл койду.

"22-мартта болуп кеткен терактыдан каза тапкандардын жакындарына көңүл айтуу үчүн келдик. Трагедиялуу бул күн Москва шаарында жашап, иштеп жаткан бардык улуттун өкүлдөрүнүн, анын ичинде биздин – кыргыздардын да жүрөгүн оорутту", — деген диаспоранын Аксакалдар кеңешинин өкүлү, экс-элчи Раимкул Аттокуров.

Андан сырткары, биримдиктин активисттери да көңүл айтып, мындай окуя кайталанбасын деген тилектерин билдирген.
"Орус элинде, кыргыз элинде да жаманчылык болбосун. Жалпыбыздын атыбыздан, орус туугандар, чын ыкласыбыздан көңүл айтабыз", — дешти диаспоранын өкүлдөрү.
Эске салсак, 2024-жылдын 22-мартында кечинде Москванын жанындагы Красногорск шаарынын "Крокус сити холл" концерттик залында теракт жасалган. РИА Новостинин ошол жерде болгон кабарчысынын айтымында, партер жактан кеминде камуфляжчан үч адам кирип келип, элди аткылап, от алып кетүүчү каражаттарды ыргыткан. Андан кийин имараттын бир катар жерлерин өрт чулгаган.
Россиянын Тергөө комитети 137 киши каза тапканын айтты, аларды ичинен үчөө балдар болуп чыкты. "Россия сегодня" медиатобу менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян көз жумгандардын саны 143кө жеткенин жазган. Жаракат алгандар 182 кишинин тегерегинде деп болжолдонууда.
24-март Россияда Аза күтүү күнү деп жарыяланган. ФСБ террорчулар колдонгон куралдар атайын бир жерде сакталып турганын билдирди.
Россия лидери адам канына забын болгон террорчулар, уюштуруучулар жана буюртма бергендер сөзсүз кармалып жазасын аларына убада берген.
Окуядан көп өтпөй теракт боюнча төрт киши: Далержон Мирзоев, Саидакрами Рачабализода, Шамсидин Фаридуни жана Мухаммадсобир Файзов темир тордун артына жөнөтүлдү.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
"Крокустагы" теракт боюнча төртүнчү киши 22-майга чейин камалды