Эртең Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат. Карта

Чектөө саат 14.00дөн тарта киргизиле баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Эртең, 26-мартта, Бишкектин борбордук бөлүгүндө көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу ЖККББ билдирди.
Чектөө Кыргызстан менен Кытайдын Тайбэй футбол боюнча курама командаларынын беттешине байланыштуу киргизилүүдө. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20.00дө башталат. Бул — 2026-жылы боло турган дүйнө чемпионатынын тандоо турундагы оюн.
Маалыматка ылайык, саат 14.00дөн тарта төмөнкү көчөлөр жабылат:
Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Фрунзе көчөсүнүн Манас проспектинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Жолдор оюндан соң ачылат.
Кыргызстандын футболчулары Кытай Тайбэйинин командасын утту. Видео