1-класска электрондук каттоо качан башталары айтылды

Суроолорго жооптор жана нускамалар порталдын башкы бетинде болот
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 1-класска электрондук каттоо 8-апрелде саат 9:00дө башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап — юридикалык жашаган жери боюнча (8-апрелден 2-июнга чейин), экинчи этап — жашаган жерине карабастан (3-июндан 30-августка чейин) каттоо.
Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. mektep.edu.gov.kg порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл. Суроолорго жооптор жана нускамалар порталдын башкы бетинде болот.
Билим берүү министри 12 жылдык окуу боюнча негизги суроолорго жооп берди