Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

Россиядагы терактыда адамдардын өмүрүн сактап калган Исламдын видеомаеги

Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. "Крокустагы" теракт учурунда 100дөн ашык адамды куткарып калган Исламдын теги кыргызстандык экени тастыкталды.
Ислам жана анын ата-энеси менен Кыргызстандын президентинин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков видеобайланыш аркылуу сүйлөшкөн.
Исламдын Атасы Бактияр Сузактан, апасы Айпери Өзгөндөн, өзү үч бир туугандын улуусу экени белгилүү болду.

"Кадимки эле жумуш күн болчу. Биринчи кабаттан бир кызык үндөр чыгып жатты. Алгач эскалатор бузулду же мас адамдар го деп ойлогонбуз. Бирок бир маалда адамдар ызы-чууга түшүп кача баштаганын көрдүк. Коркуп тура берсем өзүмдүн жана жүздөгөн адамдын өмүрү кыйыларын түшүнүп турдум. Топтолуп калган адамдарды көздөй ок чыгарып же граната ыргытабы деп корктум. Бирок эшикти ачканга жетиштим. Баарыбыз тышка чыгып кеттик", деди Ислам.

Ата-энеси уулу менен сыймыктанарын белгилешти.
Буга чейин Исламга Россиянын муфтийи Эмгек медалын тапшыра турганы, Мамлекеттик Думанын депутаттары дагы сыйлоого белсенип жатканы кабарланган.

"Крокустагы" теракт

22-март күнү кечинде Москванын жанындагы Красногорск шаарындагы "Крокус сити холл" залында концерт алдында ок атуу болуп, өрт чыккан. Залга камуфляж кийген бет капсыз бир нече адам кирип келип, адамдарды аткылаган. Ошондой эле жардыруучу каражаттарды ыргытышкан. Россиянын президенти Владимир Путин 24-мартты Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Ишембиде эртең менен ФСБ директору Александр Бортников Владимир Путинге 11 адам кармалганын, анын төртөө аткылоого түздөн-түз катышкандар экенин маалымдаган. Алар Брянск облусунан кармалышкан. Террористтер автоунаа менен качууга жана Украинанын чек арасына өтүп кетүүгө аракет кылышкан.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Кыргызстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Сергей Лавровго көңүл айтты