Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

"Крокустагы" терактыдан каза болгондордун саны 137ге жетти

Кылмыш болгон жерде иликтөө иштери уланууда. Бүгүнкү күндө 62 сөөк таанылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Москванын жанындагы "Крокус сити холлдо" болгон терактынын кесепетинен каза болгондордун саны 137 адамга жеткенин Россиянын Тергөө комитети билдирди.
Буга чейин 133 адам каза болуп, 152си жаракат алганы айтылган.

"Учурда теракт болгон жерден 137 адамдын сөөгү табылды, алардын үчөө жаш балдар. Кылмыш болгон жерде иликтөө иштери уланууда. Бүгүнкү күндө 62 адамдын сөөгү таанылды. Калган жабырлануучулардын өздүгүн аныктоо үчүн генетикалык экспертизалар жүргүзүлүүдө", деп айтылат маалыматта.

РИА Новости агенттигинин маалыматына ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги жабыркагандардын тизмесин жаңылады. Ага ылайык, 180 адамдын 142си ооруканага жаткырылса, 32си үйүнө жөнөтүлдү.
22-март күнү кечинде Москванын жанындагы "Крокус сити холл" концерттик залында теракт болгон. Кол салгандар ок чыгарышып, андан кийин өрт башталган.
ФСБнын маалыматы боюнча, террористтер колдонгон куралдар жашыруун жайга алдын ала коюлган. Терактыдан кийин кылмышкерлер орус-украин чек арасын кесип өтүү максатында (украин тарап менен тиешелүү байланышта болгон) автоунаа менен качып кетүүгө аракет кылышкан. Атайын кызматтын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттеринин натыйжасында 11 адам, анын ичинде теракт жасаган төрт адам кармалды.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Россиядагы терактыда адамдардын өмүрүн сактап калган Исламдын видеомаеги