БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 24-март — Элдик революция күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.
Мамлекет башчы, кыргыз эли эзелтен сабырдуу, айкөл экенин, бирок адилетсиздик менен эгерим элдешпеген, сабыры түгөнүп жаалданып алса эч бир күч токтото албаган өжөр эл экенин белгилеген.
"2005-жылдын 24-мартына чейин эле коррупцияга белчесинен баткан, үй-бүлөлүк башкарууга билмексен болгон текебер бийликке эскертүү берип, сес көрсөтүп, акыры элдин кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыгын жогору койгондордун эсебин колуна берип, тарыхый бурулуш жасаган эл. Кыргызстандыктар калыстыкты туу туткан эл экенин дүйнө жүзүнө жар салган. Мамлекеттүүлүккө таасири зор мындай өзгөчө окуя, урунттуу учурлар баарыбызга сабак болушу керек. Баш мыйзамда бадырая белгиленип жазылгандай, бийликтин чыныгы ээси эл экенин эч качан унутпашыбыз керек. Эл жөндөн жөн эле толкубастыгын, негизи жок козголбой турганын жадыбыздан чыгарбашыбыз кажет. Кокус мунун баарын көз жаздымда калтырып, кайдыгер мамиле кылсак, бийликтин ээси болгон элибиз дагы, калыбынан жазбаган карт тарых дагы кечирбейт. Эгемен Кыргызстан үчүн баарыбыз жоопкерчиликти сезе билели", — деген президент.
Ошондой эле ток пейил тарткан калктын үмүт-тилегин актоо башкы милдети, калк кызыкчылыгына багытталган реформаларды ишке ашыруу башкы максаты экенин кошумчалаган. Сөзүнүн соңунда мамлекет башчы өлкөгө тынчтык тилеген.