Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

Россия ТИМи Зеленскийдин теракт боюнча айыптоосуна жооп берди

Захарова теракт боюнча АКШ менен Украинанын пикири кайчылаш болуп жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Украина президенти Владимир Зеленскийдин "Крокус сити холлдогу" терактыга Москваны айыптоосун өз абийирин өзү ачуу деп сыпаттады. Бул тууралуу дипломат Telegram каналына жазган.
"Терактыга Россиянын өзүн күнөөлөгөнгө акылы жеткен жалгыз мамлекет башчысы Зеленский болду. "Уурунун жолу кууш" демекчи, ал бул айткандары менен өзүн-өзү ашкерелеп отурат", — деп жазган Захарова.
Ал ошондой эле киевдик режим терактыга Россияны күнөөлөп жатканда, АКШ согушкерлердин бул жоругун чечкиндүү түрдө айыптаганын билдирген.
"Ак үй да, Киев да калп айтып жатканын карагыла. Керек болсо жалпы бир версияны макулдашып алууга чамалары келбептир", — деп белгилеген ТИМ өкүлү.

"Крокустагы" теракт

22-март күнү кечинде Москванын жанындагы Красногорск шаарындагы "Крокус сити холл" залында концерт алдында ок атуу болуп, өрт чыккан. Залга камуфляж кийген бет капсыз бир нече адам кирип келип, адамдарды аткылаган. Ошондой эле жардыруучу каражаттарды ыргытышкан. Россиянын президенти Владимир Путин 24-мартты Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Ишембиде эртең менен ФСБ директору Александр Бортников Владимир Путинге 11 адам кармалганын, анын төртөө аткылоого түздөн-түз катышкандар экенин маалымдаган. Алар Брянск облусунан кармалышкан. Террористтер автоунаа менен качууга жана Украинанын чек арасына өтүп кетүүгө аракет кылышкан.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Путин терактыга катышы болгондордун бардыгы жазасын аларына убада берди