Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

ЖМКлар "Крокуста" кыргызстандык каза болгонун жазышкан. Элчиликтин билдирүүсү

Элчилик терактыда жабыркашы мүмкүн делген башка жарандарды да издөөнү улантууда.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги 22 жаштагы кыргызстандык Шерзодбек Тургунбаевдин дайынын тактоодо. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты.
Буга чейин ЖМКлар Тургунбаев "Крокус сити холлдо" каза болгонун жазышкан.
"Мындай маалымат түшкөн соң элчилик Ш.Ф.Тургунбаевдин атасы менен байланышты. Ал уулу менен байланыш жок экенин, анын жүргөн жерин да билбей турганын айткан. Тургунбаевди тааныган КР жарандары анын "Крокуста" иштебегенин билдиришти", — деп айтылат маалыматта.
Элчилик учурда анын дайынын тактоону жана терактыда жабыркады делген башка кыргызстандыктарды издөөнү улантууда. Бул үчүн мекеме кызматкерлери оорукана жана өлүкканаларды кыдырып жүрүшкөнүн кошумчалашты.
КР ТИМи белгилегендей, соңку маалыматтар боюнча, Тургунбаев тирүү. Учурда анын жүргөн жерин аныктоо иштери жүрүүдө.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Россиядагы терактыда адамдардын өмүрүн сактап калган Исламдын видеомаеги