Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

Кыргызстандын коргоо министри Россия элчилигине гүл алып барды. Фото

Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Коргоо министри Бактыбек Бекболотов жана анын орун басары Эмил Осмонов "Крокус сити холлдо" каза болгондорду эскерип Россиянын Бишкектеги элчилигине гүл алып барышты. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
1 / 2

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов жана анын орун басары Эмил Осмонов "Крокус сити холлдо" каза болгондорду эскерип Россиянын Бишкектеги элчилигине гүл алып барышты

2 / 2

2024-жылдын 22-мартында Подмосковьедеги "Крокус сити холл" комплексинин концерттик залындагы терактыдан бүтүндөй дүйнө солк этти. Көптөгөн мамлекеттердин жашоочулары каза болгондорду россиялыктар менен биргеликте жоктоп, жакындарынын кайгысын бөлүшүүдө

"2024-жылдын 22-мартында Подмосковьедеги "Крокус сити холл" комплексинин концерттик залындагы терактыдан бүтүндөй дүйнө солк этти. Көптөгөн мамлекеттердин жашоочулары каза болгондорду россиялыктар менен биргеликте жоктоп, жакындарынын кайгысын бөлүшүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Россиядагы терактыда адамдардын өмүрүн сактап калган Исламдын видеомаеги