Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

Кыргызстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Сергей Лавровго көңүл айтты

Министр Кулубаев бул теракт тынчтыкка, коопсуздукка, туруктуулукка, деги эле адамзатка коркунуч туудурду деп белгилеп, аны кескин түрдө айыптаган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев россиялык кесиптеши, РФ тышкы иштер министри Сергей Лавровго "Крокус сити холлдогу" терактынын кесепетинен көптөгөн адамдардын набыт болушуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Билдирмеге ылайык, Кулубаев Россиянын Бишкектеги элчилигине барып көңүл айтып, аза бөлүшүү китепчесине билдирүү калтырган.
Министр Кулубаев тынчтыкка, коопсуздукка, туруктуулукка жана адамзатка коркунуч туудурган бул терактыны кескин түрдө айыптаган. Ошондой эле каза болгондордун баарынын жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк айыгып кетишине тилектештигин билдирген.

"Аза күтүү күнүндө орду толгус жоготуулардын аза кайгысын тең бөлүшөбүз", деди ал.

Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Элчиликтегилер жана кыргызстандыктар Москвада кан тапшырууда. Сүрөт