Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

Россиянын муфтийи терактыда адамдарды сактап калган Исламга сыйлык тапшырат

15 жаштагы Ислам теракт учурунда имараттан 100дөй адамды сыртка аман-эсен алып чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Россия мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы, муфтий Равиль Гайнутдин "Крокус сити холлдун" имаратынан 100дөн ашуун адамды куткарып калган 15 жаштагы Ислам Халиловго сыйлык тапшырат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Муфтий Равиль Гайнутдин ата-бала Халиловдорго жеке чакыруусун жөнөттү. Ыйык Орозо айынын жума күнүндө Собор мечитинде 15 жаштагы Ислам чыныгы эрдиги жана элди сактап калгандыгы үчүн Россиянын мусулмандарынын Эмгек медалы менен сыйланат", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Мамлекеттик Думанын депутаттары дагы өспүрүмдү сыйлоого белсенүүдө. Үй-бүлөнү коргоо комитети бул маселе боюнча Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володинге кайрылууну көздөөдө.
"Крокустагы" гардеробдо иштеген 15 жаштагы Ислам теракт учурунда имараттан 100дөй адамды сыртка аман-эсен алып чыккан. Өспүрүм ажаткана жакты (ал жакта чыкканга эшик жок болчу) көздөй дүрбөлөңгө түшүп, агылган кишилердин жоон тобун башкарып, тар, кууш жерден "Экспого" өткөрүп, анын кызматтык эшиги менен көчөгө чыгарганга үлгүргөн.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
"Крокустагы" террорчулар боюнча Батыштын ойлогону эмне. Симоньяндын билдирүүсү