ИИМ соода борборлору менен жеке күзөт кызматтарына кайрылды

Министрдин орун басары жарандардын коопсуздугун биргелешип камсыз кылууга чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев жарандар массалык эс алуучу жайларда куралдуу кылмыштуулукту, зордук-зомбулукту алдын алуу үчүн Бишкек шаарындагы соода борборлордун ээлери, администраторлору жана жеке күзөт кызматтарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМ маалымдады.
Анда Абдиев учурдун маанилүү маселелеринин бири болгон терроризмге каршы туруу керектигин айткан. Ал терроризм ыкмаларын өзгөртүп, барган сайын татаалдашып жатканын белгилеп, "Крокус сити-холл" концерт залындагы террордук чабуулду жана анын каргашалуу кесепеттерин эске салды.
"Абдиев объектилердин аймагына кирүү жана чыгуу режимин күчөтүү, видеобайкоо тутумдарын, аудио, видеожазууларды орнотуу, соода жайларын жана тегерек четтерине күндө кароо жүргүзүү, шектүү буюмдарды өз убагында аныктоо зарылдыгын тапшырды. Мындан тышкары, коопсуздук кызматкерлерин кылдат тандоо, кампаларды тез-тезден текшерүүнү уюштуруу, укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте өзгөчө жагдайларда иш-аракеттер боюнча тескемелерди жана практикалык көнүгүүлөрдү өткөрүүнү айтты", — дешти ИИМден
Министрдин орун басары жолугушууга келгендерди сак болууга жана жарандардын коопсуздугун биргелешип камсыз кылууга чакырган.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Бишкек ШИИБдин жетекчиси коопсуздук чараларын күчөтүүнү тапшырды