БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Мектеп жана мектептен тышкаркы мекемелердин педагог-хореографтары үчүн "Бийлердин көп түрдүүлүгү боюнча квалификация жогорулатуу" курсу өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Курс 25-марттан 29-мартка чейин "Сейтек" борборунда уюштурулуп, анда кыргыз бийинин тарыхы, элдик жана заманбап бийлердин негиздери боюнча сабактар өтүлөрүн айтышты. Курстун катышуучулары бий коюу боюнча да чеберчилигин, билимин жогорулатмакчы.