Күн ысыйбы? Бир жумага карата аба ырайы

Синоптиктер Бишкекте күн 26 градуска чейин ысып, бирок жума этегинде жамгыр жаай турганын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги марттын соңку жумасына карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, аптанын башында күн жылуу болору божомолдонду. Бишкекте 26 градуска чейин ысыйт. Бейшембиден тарта күндүн көзү бузулуп, жаан-чачын күтүлөт.

Чүй, Талас облусу

Чүй облусунда 27-мартка чейин күн ачык болуп, абанын температурасы түнкүсүн 6...8, күндүз 20...22 градус жылыйт. 28-29-30-март күндөрү жамгыр жаап, тоолуу жерлерде кар түшүп, абанын температурасы төмөндөшү ыктымал.
Талас облусунда да аптанын башында абанын температурасы 19...21 градуска чейин жогорулайт. Жуманын экинчи жарымынан тарта жамгыр жаап, термометр түнкүсүн 6...8, күндүз 12...14 градусту көрсөтмөкчү.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Алдыдагы аптада өлкөнүн түштүк аймактары жылуу болорун айтышты. 27-мартка чейин үч облуста тең абанын температурасы 23...25 градуска чейин жогорулашы күтүлүүдө. Бейшембиден тарта күндүн көзү бузулуп, үч күн жамгыр жаап, тоолуу жерлеринде кар түшүшү мүмкүн. Жаан жааган күндөрү абанын температурасы 12...15 градустун тегерегинде болорун айтышты.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Марттын акыркы жумасында Ысык-Көлдө аба ырайы өзгөрүп турат. 25-мартта айрым жерлеринде жамгыр жаашы ыктымал. 26-29-мартта күн ачык жана жылуу болору айтылды. Түнкүсүн абанын температурасы 2...7 градусту көрсөтсө, күндүз 12...17 градуска чейин жогорулайт. 30-мартта жамгыр жаашы ыктымал. Ал эми Нарында 29-мартка чейин күн ачык болуп, абанын температурасы 13...16 градуска чейин жетерин айтышты. 29-30-мартта жамгыр төгүп, кээ бир жерлерде кар түшүшү ыктымал.
Күн катуу ысыйбы? Апрель айына карата аба ырайы