25-мартка карата аба ырайы

25-мартка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. 25-март, дүйшөмбүдө, күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +19...+24, Талас аймагында +19...+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20...+25, Ысык-Көл жергесинде +10...+15, Нарын өрөөнүндө +9...+14 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +22...+24, Ош шаарында +23...+25 градуска чейин көтөрүлөт.
Күн ысыйбы? Бир жумага карата аба ырайы