Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

"Крокустагы" терактыда эки кыргызстандыктын жабыркаганы боюнча маалымат такталууда

Соңку маалымат боюнча, каргашадан 40 адам каза болуп, 100дөн ашык киши жабыркаган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Моквадагы "Крокус сити холл" концерттик залындагы терактыда жабыркагандардын арасында Кыргызстандын эки жараны болушу мүмкүн, маалымат такталууда. Бул тууралуу өлкөнүн Москва шаарындагы элчилиги билдирди.
"Учурда элчилик тарабынан каргашалуу окуя болгон жерде жабыркаган Кыргызстандын жарандары тууралуу маалыматты тактоо жана издөө иштери жүрүп жатат. Эки жаран жабыркагандыгы тууралуу маалымат такталууда. Окуя болгон жерде консулдук кызматкерлер иштеп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Жума күнү, 22-мартта, аталган концерттик залда ок атылып, өрт чыкты. Алдын ала маалымат боюнча, кеминде камуфляжчан үч адам ок чыгарган. ФСБ алдын ала маалымат боюнча, 40 адам каза таап, 100дөн ашык адам жабыркаганын билдирди. Ал эми Россиянын ТИМи окуяны теракт деп атап, Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду. Имаратта өрт күч алгандыктан аны өчүрүүгө тик учактар тартылган. Жабыркагандар ооруканага жеткирилүүдө, алардын төртөө оор абалда экени айтылды.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Садыр Жапаров Москвадагы терактыга байланыштуу Владимир Путинге көңүл айтты