Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

ТИМ: Кыргызстан "Крокус сити холлдогу" терактыны кескин айыптайт

Алдын ала маалыматтар боюнча, окуядан 40 адам каза таап, 100дөн ашык киши жабыркаган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстан Подмосковьедеги "Крокус сити холлдо" көп сандаган адам өлүмүнө алып келген терактыны кескин айыптайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
"Терроризм бардык формасында тынчтыкка, коопсуздукка жана туруктуулукка олуттуу коркунучтардын бири болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
ТИМ каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.
"Крокус" концертик залындагы терактыда, алдын ала маалымат боюнча, 40 адам каза таап, 100дөн ашык адам жабыркаган. Окуя болгон жерден жабыркагандар ооруканага жеткирилип жатканы маалым болгон. Төрт кишинин абалы оор экени айтылууда.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
ФСБ: "Крокустагы" терактыда 40 адам каза таап, 100дөн ашуун киши жаракат алды