Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

"Крокустагы" террорчулар боюнча Батыштын ойлогону эмне. Симоньяндын билдирүүсү

Баш редактор шектүүлөрдүн биринин суракта адамдарды өлтүрүүгө кантип барганын айтып берип жаткан видеосун жарыялаган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. RT жана Sputnik агенттигинин башкы редактору Маргарита Симонян Батыштын атайын кызматтары "Крокус сити холлдогу" терактыны жасагандар "Ислам мамлекети" (ИМ)* террордук уюмундагыларга окшоштугун билген деп эсептейт жана алар дал ушул версияны коомчулукка сиңирүүгө аракет кылып жатканын айтты.

"Бул "Ислам мамлекети"* эмес. Дүйнө коомчулугун кылмышты жасагандар "Ислам мамлекети"* деп ишендириш үчүн тандалгандар. Бул — элге кеңири белгилүү аббревиатурадан тургандардын ишке жакшы салынган командасы", — деп жазган ал Telegram каналына.

Ал "Крокустагы" терактыны жасоого шектелип кармалгандардын биринин суракта адамдарды өлтүрүүгө кантип барганын айтып берип жаткан видеосун жарыялаган.
Эске салсак, 22-мартта Москва облусунда жайгашкан "Крокус сити холлдо" теракт болгон. Тергөө комитетинин маалыматында 115 киши көз жумган, ал эми "Россия сегодня" медиатобу менен RT телеканалынын жетекчиси Маргарита Симоньян 143 киши каза болгонун жазды. Терактыга түздөн-түз катышы бар делген 11 адамдын кармалганы айтылды.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Россия элинин биримдигин эч ким алсырата албайт. Путиндин кайрылуусу