Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

Элчиликтегилер жана кыргызстандыктар Москвада кан тапшырууда. Сүрөт

Центр переливания крови ФМБА России
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат "Крокус сити холлдогу" терактыдан жабыркагандарга донор борборунда кан тапшырды. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.
Кан тапшырууга баргандардын арасында кол салуудан жабыркагандарга кайдыгер карабаган кыргыз жарандары, элчиликтин кызматкерлери дагы бар.
Дипөкүлчүлүктөн бул нерсе үрөй учурган террордук чабуулдан жабыркагандарга колдоо жана жардам көрсөтүүнүн белгиси экенин айтышты.
 Крокус Сити Холлдун терактыдан кийин көрүнүшү
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Москвадагы элчилик: эки кыз менен байланыш жок болуп жатат