Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

Россия элинин биримдигин эч ким алсырата албайт. Путиндин кайрылуусу

Мамлекет башчы кол салуу болгондон кийинки мүнөттөрдөн тарта жардамга кол сунган жөнөкөй элдин мамилесин өзгөчө белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Россия эң оор, кээде чыдагыс сыноолорду башынан бир эмес, бир нече жолу өткөргөнүн, бул сапар да ошондой болорун Россиянын президенти Владимир Путин "Крокустагы" терактыдан (Москва облусу) кийинки жасаган видеокайрылуусунда айтты.
"Россия өтө оор сыноодон биринчи ирет өтүп жаткан жок, бул сапар да ошондой болот", — деди Россия лидери.
Ага кошумча, Россия элинин биримдигин эч ким алсырата албастыгын белгилеген.
"Эч ким жана эч нерсе эркибизди, биримдигибизди алсырата албайт. Чечкиндүүлүгүбүз менен каармандыгыбыз — Россиянын бирдиктүү элинин күчү", — деген президент.
Мындан сырткары, трагедиянын биринчи мүнөтүндө эле башкалардын тагдырына кайдыгер карабаган карапайым элдин мамилесин жана ак халатчандардын эмгегин белгилеген.
"Теракт болгондон кийинки мүнөттөрдө трагедияга кайдыгер карабаган жөнөкөй адамдарды айтпай кое албайм. Алар менен кошо жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, ооруканага жеткирген дарыгерлер менен атайын кызматтардын өкүлдөрүнүн эмгегин көңүл сыртында калтыра албайм", — деген Путин.
Путин террочулар жана аны уюштургандар, буюртма бергендер жазасын аларын убада кылды.
Эске салсак, 22-мартта Москва облусунда жайгашкан "Крокус сити холлдо" теракт болгон. Тергөө комитетинин маалыматында 115 киши көз жумган, ал эми "Россия сегодня" медиатобу менен RT телеканалынын жетекчиси Маргарита Симоньян 143 киши каза болгонун жазды.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
ФСБ башчысы төрт террорчу кармалганын Путинге маалымдады