Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

24-март Россияда Аза күтүү күнү деп жарыяланды

Россия лидери кылмышкерлер, террорчулар жазасыз калбай турганына убада берген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Москва облусундагы терактыдан кийин элге кайрылуу учурунда 24-март — Россияда Аза күтүү күнү деп жарыяланганын айтты.
"Башына мүшкүл иш түшүп, кайгы басып турган, жабыркаган жана жарадар болгон бардык үй-бүлөгө керектүү жардамды беребиз. Куралдуу кол салууда жакынын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айтам. 24-мартты Аза күтүү күнү деп жарыялайм", — деген ал.
Президент кылмышкерлер, террорчулар жазасыз калбай турганына убада берген.
"Крокус сити холл" концерттик залындагы теракт 22-мартта болгон. Белгисиз адамдар элди аткылап, андан соң өрт чыгаруучу жабдууларды ыргытышкан. Соңку маалыматтар боюнча, каза болгондордун да, жабыркагандардын да саны 100дөн ашты.
Терактыга түздөн-түз катышы бар делген 11 адам кармалды.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
"Крокустагы" терактыга шектүүлөр Украина менен чектешкен аймактан кармалган