Путин "Крокуста" жарадар болгондордун сакайышын каалап, медиктерге ыраазылык билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Владимир Путин "Крокустагы" терактыдан жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалап, медиктерге ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу РФтин вице-премьери Татьяна Голикова жабыркагандардын абалынан кабар алганы келген журналисттерге маалымат берип жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бейтаптардын абалы тууралуу президентке маалымат бердик. Путин алардын тезирээк сакайып кетишин каалап, дарыгерлерге ыраазычылык билдирди", — деген ал.
Жума күнү, 22-мартта, "Крокус сити холл" концерттик залында теракт жасалган. РИА Новостинин ошол жерде болгон кабарчысынын айтымында, партер жактан кеминде камуфляжчан үч адам кирип келип, элди аткылап, өрт чыгаруучу каражаттарды ыргыткан. Терактыдан каза болгондор 60тан ашканын, бул сандар дагы көбөйүшү мүмкүндүгүн Россиянын Тергөө комитетинен билдиришти. Ооруканаларда учурда 115 адам болсо, алардын бешөө балдар экени айтылды. 60 кишинин абалы өтө оор. Россиянын ТИМи окуяны теракт деп атап, Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду. Имарат каптаган өрт өтө чоң болгондуктан өчүрүүгө тик учактарды да пайдаланышкан.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Мурашко: "Крокуста" жабыркагандарга тез жардам көрсөтүү иштери аяктады