Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

Подмосковьедеги теракт: кыргызстандыктар элчиликтин алдына гүл коюп кетип жатышат

Кечээ түнү "Крокус сити холл" концерттик залында теракт жасалган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктар Россиянын Бишкектеги элчилиги менен Ош шаарындагы Башкы консулдугунун имаратынын алдына гүл алып келип жатышат. Бул "Крокус сити холл" концерттик залында кечээ түнү болгон терактыдан каза тапкандардын үй-бүлөсүнө көңүл айтуу үчүн жасалууда.
Кыргызстандыктар Россиянын Бишкектеги элчилиги имаратынын алдына гүл алып келип жатышат
Кечээ "Крокус сити холл" концерттик залында теракт жасалган. Андан каза болгондор 60тан ашканын, бул сандар дагы көбөйүшү мүмкүндүгүн Россиянын Тергөө комитетинен билдиришти. Ооруканаларда учурда 115 адам болсо, алардын бешөө балдар экени айтылды. 60 кишинин абалы өтө оор. Россиянын ТИМи окуяны теракт деп атап, Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Кыргыз өкмөтү "Крокустагы" терактыдан жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө даяр