Радио

Өлкөдөгү музейлердин базасында маданий-маалыматтык борборлор түзүлөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Нурзат Ыбыкеева музейлердин базасында ачылган маданий-маалыматтык борборлордун иши тууралуу айтып берди.
Sputnik
Маданий-маалыматтык борборлор Оштогу "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде, Токтогул районунда жайгашкан Токтогул Сатылганов атындагы мемориалдык үй-музейинде, Бурана музейинде, Ысык-Көл мамлекеттик корук музейинде ачылып, бардык каалоочуларга керектүү маалыматтарды берет. Бул тууралуу Нурзат Ыбыкеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, борборлор боз үйдүн ичинде жайгашып, музей тууралуу визуалдык түрдө маалыматты алдын ала алууга, окуучуларга семинарларды өткөрүүгө, эс алууга болот.
"Кыргызстандагы музейлердин ишин жакшыртууга Маданият министрлиги каражатты көбөйтүп жатат. Эми өлкөдөгү бул жайлардын базасында маданий-маалыматтык борборлор түзүлөт. Долбоорду министр өзү колдоп, акырындык менен ишке аша баштады. Алсак, маданий-маалыматтык борборлор Оштогу "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде, Токтогул районунда жайгашкан Токтогул Сатылганов атындагы мемориалдык үй-музейинде, Бурана музейинде, Ысык-Көл мамлекеттик корук музейинде ачылып, бардык каалоочуларга керектүү маалыматтарды берет. Бара-бара мындай кадамдын башка жайларда да жасалышы күтүлүүдө. Бул музейди таанытууга, маанилүүлүгүн арттырууга жакшы натыйжа берет. Борборлор боз үйдүн ичинде жайгашып, маалыматты визуалдык түрдө эрте алууга, окуучуларга, студенттерге семинарларды өткөрүүгө болот. Ал жерге чет элдик же жергиликтүү туристтер келип эс алып, баарлашып, аймакта жайгашкан тарыхый эстеликтер, кооз жерлер, туристтик маршруттар менен таанышып кетсе да болот", — деди Ыбыкеева.
Ошондой эле адис маалыматтык борборлор кыргыздын маданиятын, тарыхын чагылдырган көргөзмөлөрдү да уюштуруп турарын кошумчалады.