Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

Москвадагы терактыдан каза тапкандардын саны 93кө чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Россиянын Москва облусундагы "Крокус сити холл" концерттик залында жасалган терактыдан каза тапкандардын саны 93 адамга жеткенин РИА Новости Тергөө комитетине таянып билдирди.
Буга чейин 60 адамдын көз жумганы айтылган. Ал эми аталган облустун Саламаттык сактоо министрлиги каза тапкан 37 кишинин тизмесин жарыялады.
Тергөө комитетинен көз жумгандардын саны дагы өсөрүн билдиришкен. Өлүм аткылоодон жана өрттөн чыккан истен болгону айтылды.
"Крокус сити холл" концерттик залындагы теракт 22-мартта болгон. Белгисиз адамдар элди аткылап, күйүүчү каражаттарды ыргытып, имаратта өрт чыккан.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
ФСБ башчысы төрт террорчу кармалганын Путинге маалымдады