Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

ФСБ: "Крокустагы" терактыда 40 адам каза таап, 100дөн ашуун киши жаракат алды

Ооруканага жекирилген төрт адамдын абалы оор экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Москвадагы "Крокус сити холлдогу" терактыда алдын ала маалымат боюнча 40 адам каза таап, 100дөн ашык адам жабыркаганын РИА Новости ФСБга шилтеме берип жазды.
Буга чейин окуя болгон жерден жабыркагандар ооруканага жеткирилип жатканы маалым болгон. Алардын төртөө оор абалда экени айтылууда.
Соңку маалымат боюнча, "Крокус" залында өрт күч алып, чатыры түшө баштады. Өрт өчүрүүгө бир тик учак тартылган, дагы экөө кошула турганы айтылды.
Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгоду. Ок атып, адам өмүрүнө кол салгандар изделүүдө.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
"Крокус сити холлдогу" терактыда көз жумгандар бар. Соңку маалымат