Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

"Крокус сити холлдогу" терактыда көз жумгандар бар. Соңку маалымат

Учурда ок чыгарган адамдар изделүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Москвадагы "Крокус сити холл" концерттик залында болгон окуяны теракт деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Жума күнү, 22-мартта, аталган концерттик залда ок атылып, өрт чыкты. Алдын ала маалымат боюнча, кеминде камуфляжчан үч адам ок чыгарган. Терактыда адамдар көз жумганын ФСБга таянып РИА Новости жазууда.
Соңку мааламыттар боюнча, окуяда жабыркагандар ооруканага жеткирилүүдө. Абал саламаттык сактоо министри Михаил Мурашконун көзөмөлүндө экенин анын жардамчысы Алексей Кузнецов билдирген. Дарыгерлер эки адамды кардиология бөлүмүнө кабыл алганы, алардын абалы орточо деп бааланып жатканы маалым болду. Азырынча канча адам каза тапканы айтыла элек.
Москванын мэри Сергей Собянин жабыркагандарга жардам көрсөтүлөрүн билдирип, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Мындан тышкары, алдыдагы эс алуу күндөрү Москвада боло турган бардык маданий жана башка массалык иш-чаралар токтотулду.
Окуя болгон жерге Москва районунун прокурору келип, күч түзүмдөрүнүн ишин көзөмөлгө алды. Ок чыгарып, адам өмүрүнө забын болгондор изделүүдө. Имараттын жанында 70 тез жардам бригадасы иштеп жатат.
Мындан тышкары, өрт өчүргүчтөр 100дөй адамды "Крокустан" чыгарып кетишкенин ӨКМдин башчысы билдирди. Адамдарды чатырдан түшүрүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бирок өрт үчурда күч алып жатканын, жалынды өчүрүү иштерине авиация тартылганын РИА Новости агенттигинин кабарчысы билдирди.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Моквадагы "Крокус сити холл" концерттик залында ок атылып, өрт чыкты. Видео