Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

Моквадагы "Крокус сити холл" концерттик залында ок атылып, өрт чыкты. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Москвадагы "Крокус сити холл" концерттик залында ок атылганын РИА Новости жазды.
Агенттиктин кабарчысы билдиргендей, залга камуфляжчан үч адам кирип ок чыгара баштаган. Жабыркагандар бар. Андан соң куралчандар граната же күйүүчү шашка ыргытып, натыйжада өрт чыккан.
"Залдагы адамдар жерге жата калган, алар 15-20 мүнөт жатып, андан чоң жөрмөлөп эшикке чыга баштаган. Көпчүлүгү чыгып кетүүгө үлгүргөн", — деп билдирген кабарчы.
Окуя болгон жерде күч түзүмдөрү иштеп жатат. Ыкчам штаб түзүлдү.
Акыркы маалымат боюнча, "Крокус сити холлдогу" жабыркаган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүгө 50 тез жардам бригадасы жөнөтүлгөн.
Кара-Балтадагы атышуу: спецназ кимди кармамак? Окуянын чоо-жайы