Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

"Крокустагы" терактыга шектүүлөр Украина менен чектешкен аймактан кармалган

Россия ФСБ башчысы Путинге "Крокустагы" теракт боюнча баш-аягы 11 киши кармалганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. "Крокустагы" кол салууга шектелген төрт киши Украина менен чек арага жакын Брянск облусунда кармалганын Россиянын Тергөө комитетинен кабарлашты.
Буга чейин Россия ФСБ башчысы Александр Бортников президент Владимир Путинге "Крокустагы" теракт боюнча баш-аягы 11 киши кармалганын билдирген эле.
"Атайын кызмат жана укук коргоо органдары "Крокус сити холл" концерттик залындагы терактыны жасоого шектелгендердин ичинен төртөөнү Украина менен чек арага жакын Брянск облусунда колго түшүрдү", — деп жазылат маалыматта.
Террорчулар колдонгон курал-жарак алдын ала жашыруун жайда даярдалганын РИА Новости Федералдык коопсуздук кызматына таянып кабарлады.
Атайын кызмат билдиргендей, теракт жасаган соң кылмышкерлер Россия менен Украинанын чек арасынан өтүүнү көздөшкөн. Алар украин тарап менен байланышта болгон.
"Крокус сити холл" концерттик залындагы теракт 22-мартта болгон. Белгисиз адамдар элди аткылап, андан соң имаратта өрт чыккан. Соңку маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 90дон, жабыркагандардын саны 100дөн ашты.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Москвада, Россиянын көп аймактарында коопсуздук чаралары күчөтүлдү