Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

Мурашко: "Крокуста" жабыркагандарга тез жардам көрсөтүү иштери аяктады

Терактыдан каза болгондор 60 кишиден ашкан. Бул сандар дагы көбөйүшү мүмкүн экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Москвадагы "Крокус сити холл" концерттик залындагы терактыдан жабыркагандарга тез жардам көрсөтүү боюнча негизги иш-чаралар аяктады. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Михаил Мурашконун айтымына таянып РИА Новости жазды.
"Тез жардам көрсөтүү боюнча иштер аяктап, оор абалдагы бейтаптарды карап жатабыз. Бардык иш туруктуу режимде уланып жатат", — деген Мурашко.
Жума күнү, 22-мартта, "Крокус сити холл" концерттик залында теракт жасалган. РИА Новостинин ошол жерде болгон кабарчысынын айтымында, партер жактан кеминде камуфляжчан үч адам кирип келип, элди аткылап, өрт чыгаруучу каражаттарды ыргыткан. Терактыдан каза болгондор 60тан ашканын, бул сандар дагы көбөйүшү мүмкүндүгүн Россиянын Тергөө комитетинен билдиришти. Ооруканаларда учурда 115 адам болсо, алардын бешөө балдар экени айтылды. 60 кишинин абалы өтө оор. Россиянын ТИМи окуяны теракт деп атап, Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду. Имарат каптаган өрт өтө чоң болгондуктан өчүрүүгө тик учактарды да пайдаланышкан.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
"Крокустагы" терактыда эки кыргызстандыктын жабыркаганы боюнча маалымат такталууда