Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

ФСБ башчысы төрт террорчу кармалганын Путинге маалымдады

Кремлден терактыны уюштурууга көмөктөшкөндөрдү табуу иштери жүрүп жатканын билдиришти.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Россиянын ФСБсынын башчысы Александр Бортников президент Владимир Путинге "Крокустагы" теракт боюнча баш-аягы 11 киши кармалганын билдиргенин Кремлден кабарлашты.
Каргашаны жасагандардын арасында төрт террорчу да бар экени айтылды. Кремлден терактыны уюштурууга көмөктөшкөндөрдү табуу иштери жүрүп жатканын билдиришти.
"Крокус сити холл" концерттик залындагы теракт 22-мартта болгон. Белгисиз адамдар элди аткылап, күйүүчү каражаттарды ыргытып, имаратта өрт чыккан. Соңку маалыматтар боюнча, каза тапкандардын саны 93кө чыкты. Жалпы жонунан 115 адам жабыркаганы айтылды.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Москвада, Россиянын көп аймактарында коопсуздук чаралары күчөтүлдү