Бишкекте үй күйүп, 57 жаштагы киши каза тапты. Өрттүн видеосу

Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бишкектеги менчик үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен 57 жаштагы киши көз жумганын ӨКМден билдиришти.
Окуя Свердлов районундагы Широкая көчөсүндөгү үйдө болгон. Өрт өчүрүүчү биринчи бригада саат 16:20да барган. Андан кийин дагы үч бригада кеткен. ӨКМчилер тилсиз жоо менен төрт саатка чукул күрөшүп, саат 20:30дан кийин гана кайтышкан.
Бишкектеги "Шахта" барынан өрт чыкты. Видео