Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

Кыргыз өкмөтү "Крокустагы" терактыдан жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө даяр

Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москадагы терактыга байланыштуу россиялык кесиптеши Михаил Мишустинге көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

"Крокус сити холлдо" көптөгөн курмандыктарга алып келген терактыга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кыргызстандын министрлер кабинети жабыркагандарды колдоп, бардык жактан жардам берүүгө даяр. Каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтарыбызды жеткирип коюуңузду суранам", — деп айтылат телеграммада.

Жума күнү, 22-мартта, аталган концерттик залда ок атылып, өрт чыкты. Алдын ала маалымат боюнча, кеминде камуфляжчан үч адам ок чыгарган.
ФСБ алдын ала маалымат боюнча 40 адам каза таап, 100дөн ашык адам жабыркаганын билдирди. Ал эми Россиянын ТИМи окуяны теракт деп атап, Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.
Соңку маалымат боюнча, Подмосковьедеги ооруканаларга жаракат алган 147 адам түшкөн.
Кыргызстандын элчилиги эки кыргызстандык жабыркаган деген маалыматты тактап жатканын кабарлады. Зарылдык жаралса Кыргызстандын атуулдары өкүлчүлүккө +7 925 115 50 47 жана Тышкы иштер министрлигине +996 999 312 002 номерлери аркылуу байланышса болот.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
"Крокустагы" терактыда эки кыргызстандыктын жабыркаганы боюнча маалымат такталууда