24-мартка карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Жекшембиде күндүз Ош, Нарындын айрым жерлеринде жамгыр жаап, тоолуу аймактарына кар түшүшү күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 14...19, Талас жергесинде 12...17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 15...20, Ысык-Көл, Нарын аймагында 8...13 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында 17...19 жана Ош калаасында 18...20 градуска чейин жетет.
КМШда миграциялык мейкиндиктин жалпы концепциясы жаңыланат. Эмне өзгөрөт?