Токмокто унаа сүзгөн киши каза таап, айдоочу качып кеткен. Милиция таап кармады

Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Токмокто бир кишини коюп кетип, из жашырган айдоочу кармалды. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн түнү 1:30дар чамасында шаардын Ленин жана Колхоз көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Мунун кесепетинен болжол менен 50-55 жаштагы киши мүрт кеткен.
Кийинчерээк окуя болгон жерден качып кеткен Volkswagen Passat унаасынын айдоочусу 23 жаштагы А.И.М. экени белгилүү болгон. Чүй милициясы "Перехват" планын киргизип, шектүүнү кармаган. Ал тергөө бөлүмүнө алып келинген, машинасы айып короого киргизилди.
Бишкекте Honda Odyssey үч чет элдикти коюп кетип, бирөө каза болду