"Талас" аэропорту курулуп бүттү. Учактар качан каттай баштайт?

Каттамдар май айынын кийин ачылары күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. "Талас" аэропорту ишке берүүгө толугу менен даяр. Бул туурасында "Манас" эл аралык аба майданы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы курулган аэробекет саатына 100 жүргүнчүнү кабыл алат. Учуп-конуу залдары өзүнчө бөлүнгөн, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, жүргүнчүлөргө бардык шарттары менен жасалган. Ал ички каттамдарды тейлөөгө багытталган.
1 / 4

"Талас" аэропорту ишке берүүгө толугу менен даяр

2 / 4

Маалыматка ылайык, жаңы курулган аэробекет саатына 100 жүргүнчүнү кабыл алат

3 / 4

Учуп-конуу залдары өзүнчө бөлүнгөн, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, жүргүнчүлөргө бардык шарттары менен жасалган

4 / 4

Ал ички каттамдарды тейлөөгө багытталган

"Манас" аэропортунун директору Манасбек Самидинов аэробекет Жарандык авиациядан текшерүүдөн өтүп, сертификаттар алынганын белгиледи.

"Бирок өлкө аймагында каттамдарды аткарып жаткан Tez Jet авиакомпаниясынын учактары жетишпегендиктен бул багытка каттам ачууга азырынча мүмкүнчүлүк жок. Мындан улам былтыр сатып алынган Dash-8-400 үлгүсүндөгү учактар май айында келери менен бардык аймактык аэропортторго каттап баштайт", — деди Самидинов.

"Талас" аэрпортунун учуп-конуу тилкеси Ан-2, Ан-26, Ан-28, Авро РЖ-85, БАЭ-146, Як-40 сыяктуу учактарды жана тик учактардын бардык түрүн кабыл алууга ылайыкталган.
"Каракол" аэропортунун курулуш иштери аяктап калды. Сүрөт