Радио

Депутат Сириуста өткөн форум тууралуу айтып берди

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы Россиянын Сириус аймагында өткөн Жаштардын дүйнөлүк фестивалы жогорку деңгээлде уюштурулганын айтты.
Sputnik
Форумдун жабылышына РФ президенти өзү катышып, делегеттардын саны 20 миңден ашты. Бул тууралуу Аида Исатбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жаштар мындай форумдарга көбүрөөк катышып тажырыйба топтосо өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошот.

"Сириустагы Жаштардын дүйнөлүк фестивалы абдан жакшы деңгээлде өттү. 1-7-март күндөрү өткөн форумдун жабылышына РФ президенти Владимир Путин өзү катышып, делегаттардын саны 20 миңден ашканын көрдүк. Анын ичинде 190 өлкөнүн жана 300дөн ашык улуттун өкүлдөрү болду. Ал эми Кыргызстандан жалпы 253 жаш лидер барган. Программасы ар тараптуу экен. Мисалы, биринде Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өлкөнүн ушул кезге чейинки жүргүзгөн тышкы саясаты тууралуу айтып берсе, экинчи бөлүмүндө маданиятта төбөсү көрүнгөн белгилүү инсандар чыгармачылык жолу тууралуу кенен маалымат берет. Бул жерде бир гана саясатка же экономикага басым жасалбастан, жалпы жаш муундун ар тараптуу өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзүлгөн", — деди Исатбек кызы.

Ал форумга келген жаштар менен пикир алмашып абдан позитивдүү энергия алып келгенин кошумчалады.