Мэрия Бишкектин көчөлөрүндөгү аң-чөнөктөрдү жамап жатат

Иш маалында милициянын кайгуул-күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери жол кыймылын жөнгө салууда.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Борбор калаада аң-чөнөктөрдү жамоо иштери уланып жатканын муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Борбор калаада аң-чөнөктөрдү жамоо иштери уланып жатканын муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди

2 / 2

"Бишкек асфальтсервис" муниципалдык ишканасынын бригадалары Дэн Сяопин проспектинин Алыкулов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин, Чүй проспектинин Фучик көчөсүнөн Павлов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жолдорду оңдоп жатат

"Бишкек асфальтсервис" муниципалдык ишканасынын бригадалары Дэн Сяопин проспектинин Алыкулов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин, Чүй проспектинин Фучик көчөсүнөн Павлов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жолдорду оңдоп жатканы айтылды.
Буга чейин ишкананын кызматкерлери бир катар көчөлөрдөгү чуңкурларды жамаганы кошумчаланды.
"Калаанын борбордук көчөлөрүндөгү иш жыйынтыкталгандан кийин адистер экинчи даражадагы көчөлөргө өтүшөт", — деп жазылган маалыматта.
Иш маалында милициянын кайгуул-күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери жол кыймылын жөнгө салууда.
Мэрия түндө иштеген "тазалыкчыларга" атайын жабдуу сатып берди. Видео