БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бүгүн саат 9:48де Тажикстандын аймагында жер титиреп, силкинүүнүн күчү Кыргызстандын айрым аймактарында да сезилди. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.
Магнитуда 5,2ге жеткен.
Ал эми Кыргызстандын түштүгүндөгү Кара-Тейит, Карамык жана Шибээ айылдарында 4 балл, Дароот-Коргон, Жар-Башы, Кулчу жана Жаш-Тилек айылдарында 3 балл болуп сезилгени айтылды.