Бир айылды 149 кишиси менен өрттөп жиберишкен. Фашисттердин Хатындагы кылмышы

Былтыр Беларусь согуш жылдарында элинин геноцидге кабылышы боюнча ишти иликтөөгө Россиядан укуктук жардам сураган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. 1943-жылдын 22-мартында немецтердин украин улутчулдарынан куралган жазалоочу отряды Беларустун Хатынь кыштагын 149 тургуну менен кошуп өрттөп жиберишкен. Апааттуу окуяны Ближнее Зарубежье Telegram каналы эске салып, видео жарыялады.
25 үй-бүлө фашисттердин курмандыгына айланган. Мыкаачылыкка туш болгондордун эң кичүүсү 1,5 айлык ымыркай эле.
1986-жылы Хатындагы кыргын маалында полицайлардын ишин тескеген Григорий Васюра атууга кеткен. Бул фашисттик баш кесерлердин чуулгандуу иши каралган СССРдеги акыркы процесс катары тарыхта калды.
2023-жылы Беларусь согуш жылдарында элинин геноцидге кабылышы боюнча ишти иликтөөгө Россиядан укуктук жардам сураган. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы азыркы тапта 400дөн ашуун нацист менен алардын шериктеринин көзү тирүү деп эсептейт. Минск аларды эл аралык келишимдердин негизинде өткөрүп берүүнү талап кылып келет.
2024-жылы 18-мартта Хатындагы кылмыштын дагы бир катышуучусу, 2015-жылы Канадада каза болгон Владимир Катрюк беларус элинин геноцидине күнөөлүү деп табылган. Бул жазасын алышы керек дегендердин алгачкысы гана. Үстүбүздөгү жылы дагы беш кылмыш иши сотко өтмөкчү.
Иш көзү өткөндөргө эле эмес, азыркы кезде башка мамлекеттерде жашап жаткан улутчулга карата да тергелет.
Эки күндө 33 миң кишини атып салышкан. Фашисттердин Бабий Ярдагы кыргыны