Россия президентин шайлоо

Россиянын БШКсы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды

Президенттик шайлоодо төрт талапкер ат салышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Владимир Путин шайлоочулардын 87,28% добушун алды. Бул тууралуу Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясына таянып РИА Новости жазды.
Путинге 76 миллиондон ашык россиялык жаран өз добушун берген.
Ал эми Николай Харитонов 4,31%, Владислав Даванков 3,85% жана Леонид Слуцкий 3,20% добуш алган.
Соңку көрсөткүч боюнча, өнөктүккө шайлоочулардын 77,49%ы катышкан. БШК "мындай көрүнүш Россиянын заманбап тарыхында болгон эмес" деп билдирди.
Чет мамлекетте 388 791 киши шайлоого катышып атуулдук милдетин аткарган.
Россия президентин шайлоо
Путин — Россия президенти, чындык ушундай. Ак үй кийинки кадамдары тууралуу