Ош шаарынын борбордук аянтындагы Нооруз майрамына Акылбек Жапаров катышты

Өкмөт башчы тургундарга шаар мэриясынын эң сонун пландары бар экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Ош шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу өкмөттүн мааалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Ош шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты

2 / 4

Жапаров шаардыктарды майрамы менен куттуктап, ар бир аймак боюнча министрлер кабинетинин ачык жана так пландары бар экенин билдирди

3 / 4

Ошто майрамга карата жети боз үй тигилип, "Кыргыз шырдак" көргөзмө-жарманкеси менен театралдык оюн-зоок программасы уюштурулган

4 / 4

Ошто майрамга карата жети боз үй тигилип, "Кыргыз шырдак" көргөзмө-жарманкеси менен театралдык оюн-зоок программасы уюштурулган

Жапаров шаардыктарды майрамы менен куттуктап, ар бир аймак боюнча министрлер кабинетинин ачык жана так пландары бар экенин билдирди.

"Ордолуу Ош жергеси — республикалык масштабдагы экинчи чоң шаарыбыз жайгашкан жер. Азыр Ош шаарынын аянты 2,5 эсеге кеңейди, элинин саны 100 миң адамга көбөйдү. Былтыр шаардын таза суу көйгөйүн чечип бердик. Дүйнөлүк жаңы мейкиндиктерди ачкан Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу — транзиттик ири долбоор. Ош шаары бул жолдо тосуп алчу биринчи дарбаза болот. Урматтуу Ош шаарынын тургундары, шаар мэриясынын эң сонун пландары бар. Ар бир жетекчи менен ынтымакташып иштешесиздер деп ишенебиз. Ош шаары заманбап шаар болот", — деди ал.

Ошондой эле Акылбек Жапаров чек ара, аймактык бүтүндүк тууралуу айтып, алар көздүн карегиндей сактала турганын айтты.
"Быйыл Кыргыз автономиялуу облус болгонубузга 100 жыл болот. Мамлекеттин бардыгы чоң бакыт! Бүгүн кошуналар менен чек аралар такталып, чечилип жатат. Боордош Өзбекстан мамлекети менен 30 жылда чечилбеген чек арабыз 100 пайызга чечилди. Тажикстан мамлекети менен дагы маселени чечүүнүн үстүнө тынымсыз иштер болуп жатат. Ар дайым Ата Мекенибизде тынчтык болсун", — деген төрага.
Акылбек Жапаров өлкөнүн экономика тармагындагы иштерге да токтолуп, ички дүң продукция 2023-жылы 1,2 триллион сомго жеткенин, өсүү темпи 8,6%га чейин туруктуу сакталып жатканын айткан. Анын арты менен пенсия, пособие, айлык акылардын жогорулаганын жана бир катар ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдирди.
"Бүгүн табиятта күн менен түн теңелет. Нооруз — токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын башаты болгон жаз майрамы. Нооруз майрамы бардык аруу ой-тилектерибизге жаңыланууну жана тазалыкты тартууласын", — деп сөзүн жыйынтыктаган.
Ошто майрамга карата жети боз үй тигилип, "Кыргыз шырдак" көргөзмө-жарманкеси менен театралдык оюн-зоок программасы уюштурулган.
Бишкектеги аянтта Ноорузду кантип майрамдап жатышат. Видео