Нооруздун көркүн ачкан селкилер, казан-казан сүмөлөк. Майрамдык сүрөттөр

Жер-жерлерде Ноорузга карата майрамдык иш-чаралар өтүп, эл жаздын келишин жаркын маанай менен тосуп алды.
Sputnik
Ал эми "Ала-Тоо" аянтындагы майрамга президент Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарова дагы катышты. Калаа бийлиги тургундарга театрлаштырылган оюн-зоок, көргөзмө жана жарманкелерди уюштурду.
Майрамдык сүрөттөрдү Sputnik Кыргызстан даярдаган сүрөт түрмөктөн көрүңүз.
1 / 15

Нооруз майрамынын символу болгон сүмөлөктү жапырт кайнаткан эл

2 / 15

Майрам бийчилердин коштоосу жок кантип болсун

3 / 15

Кыргыз кыздарынын сулуулугун, аруулугун көрсөткөн кадрлар

4 / 15

Улуттук кийим кийген апалар чыгармаларын аткарууда

5 / 15

Адатта Ноорузда ар бир кыргызстандыктын үйүндө дасторкон толо тамак жасалат

6 / 15

Башкы аянттагы майрамдык иш-чарага президент Садыр Жапаров менен канайым Айгүл Жапарова катышты

7 / 15

Аба ырайына карабастан "Ала-Тоо" аянтына жүздөгөн киши келди

8 / 15

Калаа бийлиги тургундарга театрлаштырылган оюн-зоок, көргөзмө жана жарманкелерди уюштурду

9 / 15

Бишкектин тургундарына жана конокторуна концерттик программа да даярдалган

10 / 15

Нооруз жаздын келишин, жандануунун башатын билдирген майрам болуп калды

11 / 15

Ондогон комузчу майрамды шаңга бөлөдү

12 / 15

Майрамга келгендердин көңүлүн театрлаштырылган оюн-зоок бурду

13 / 15

Нооруз жер-жерлерде салтанаттуу белгиленип, жылуу маанай менен коштолду

14 / 15

Өлкө башчы куттуктоосунда жазында талыкпай эмгектенүүгө чакырды

15 / 15

Бишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтында Нооруз майрамына келген шаардын тургундары

Тема боюнча:
Бишкектеги аянтта Ноорузду кантип майрамдап жатышат. Видео