Кыргызстандын футболчулары Кытай Тайбэйинин командасын утту. Видео

Эми кыргызстандык курама команда алар менен кайра 26-мартта Бишкекте мелдешмекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футболчулары Кытай Тайбэйинин командасын 2:0 эсеби менен утту.
Оюн Гаосюн шаарынын "Наньцзы" стадионунда өткөн.
Тайбэйдеги беттештин биринчи таймында эки жолу айып картасын алганы үчүн кыргызстандык футболчу Саид Дациев оюндан четтетилди. Ал курама командада алгачкы дебютун жасаган.
1 / 3

Кыргызстандын футболчулары Кытай Тайбэйинин командасын 2:0 эсеби менен утту

2 / 3

Оюн Гаосюн шаарынын "Наньцзы" стадионунда өткөн

3 / 3

Тайбэйдеги беттештин биринчи таймында эки жолу айып картасын алганы үчүн кыргызстандык футболчу Саид Дациев оюндан четтетилди. Ал курама командада алгачкы дебютун жасаган

Анткен менен кыргызстандык футболчулар дүйнө чемпионатынын (2026) тандоо турунда жеңишке жете алышты. Оюндун экинчи жарымында капитан Валерий Кичин (пенальтиден) менен Кай Мерк өзгөчөлөнүп, эсеп 2:0 менен аяктаган.
Эми кыргызстандык курама команда алар менен кайра 26-мартта Бишкекте мелдешмекчи.
Садыр Жапаров футбол боюнча команданын башкы машыктыруучусуна көңүл айтты